23-сентябрь – Литвадагы геноцид курмандыктарын эскерүү күнү. Видеоинфографика

23-сентябрь – Литвадагы геноцид курмандыктарын эскерүү күнү. 1943-жылы бул күнү Вильнюс геттосу жоюлган.
Sputnik
Вильнюс геттосун архивдик кадрлардан көрүүгө болот, анда геттонун туткундарынын бири Мойша Хофмеклердин скрипка үнү жаңырып турат.
Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы, тагыраагы, 1941-жылы 40 миң еврейди эски шаардын борборундагы геттого айдап киришкен. Туткундарды жок кылуу 1943-жылдын августунан 23-сентябрга чейин созулган.
Көбүн атышкан. Калганын Польша, Эстония жана Латвиядагы концлагерге жөнөтүшкөн. Вильнюста 2–3 миң еврей гана тирүү калган.
Бир нече жыл мурда Холокост туурасында "Наши" деп аталган китеп жарык көрүп, ал Литвада чуу жараткан. Анда литвалык еврейлерди кырууга "токойдогу бир туугандар" катышканы боюнча далилдер жарыяланган.
Учурда нацисттерге көмөкчү болгондорду баатыр кылып көрсөтүү жана тарыхты бурмалоо Балтика боюндагы республикалардагы кадыресе көрүнүш болуп калды.