Окуучуну шыктандыруу үчүн аны менен мелдешип... Мугалимдиктин түйшүгүн рахатка айландырган педагог

Sputnik
Кылымдарды карыткан мугалимдик кесиптин аброюу жылдан жылга артууда. Бирок ага карабастан агартуучулардын катарын аял мугалимдер калыңдаганы менен жаш жигиттер бул тармакта аз кездешет. Эмнеге жаш агайлардын саны аз? Өлкөдөгү билим берүүнүн абалы кандай? Келечекте кандай өзгөрөт? Бул берүүдө ушул жана башка суроолорго жооп издедик.
Мугалимдик кесиптин күңгөй-тескейи, азабы менен жыргалы тууралуу Токмок шаарындагы №5 орто мектептин директору, биолог-эколог Мирлан Токтобеков айтып берди.