Санариптик каржы активдери. ЕАЭБ алкагында ишке киргизсе болобу?

Sputnik
Санарип каржы активдери дүйнөдө кулачын жайып бараткан учуру. Ал түрдүү механизмдер менен ишке ашып, ар мамлекетте өзүнө ыңгайлашып баратат. Кыргызстанда да мындай каржы системасын күткөндөр жок эмес. Өзгөчө “уулумду үйлөгөнгө, кызымдын себине”, деп биртке каражатын көбөйтүү максатында мал алып, там алып же пайыздап көбөйткөндү каалагандар үчүн ишенимдүү каржы булагы болору белгилүү. Кыргыз коомуна ылайыкташкан санариптик каржы автивдери өлкөдө качан пайда болот? Анын ыңгайлуулугу эмнеде?
Кандай кепилдиктер болушу зарыл? Биз бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда сүйлөштүк.