Эми бир дагы бала документсиз калбайт. Кыргызстан балдарды каттоодо жаңы программаны ишке киргизди

Sputnik
Төрөлгөн ымыркайларды каттаган маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча долбоор дүйнөдөгү 20 мыкты санариптик демилгенин катарына кирди.Маалыматка ылайык, мындай чечим БУУнун SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча белгилүү болгон. Аталган долбоор май айында башталып, Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан активдүү колдоого алынган. Максаты — жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү. Эми ымыркай төрөлгөнү тууралуу маалымат төрөт үйлөрүнөн түздөн-түз Санариптик өнүктүрүү министрлигине түшүп, эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет. Аталган программа кантип ишке ашты бүгүнкү маегибизде айтылат.