ЕАЭБ БУУнун Башкы Ассамблеясында байкоочу статусун алууну көздөп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. ЕАЭБ БУУнун Башкы Ассамблеясында байкоочу статусун алууну пландаштырууда.
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев БУУнун башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Ли Цзюньхуа менен сүйлөшүп жатканда айтты.
Жолугушуу БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде өткөн.
"Биз бул багытта иштөө үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшоого даярбыз", — деген Сагинтаев.
Ал ЕЭК БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибине өзгөчө көңүл бурарын кошумчалаган. Тактап айтканда, ЕАЭБ жөнүндө келишим жана башка негизги документтер БУУнун туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максатынын бардыгын камтыйт.
ЕАЭБ бажы операцияларынын бирдиктүү стандартын киргизүүнү пландап жатат
Инжект: https://sputnik.kg/20240920/kyrgyzstan-eaeb-ruslan-davydov-ekonomika-.html