"Өлкөдө тоок фермалары өнүгүү жолунда. Акыркы эки жылда жумуртканын өндүрүмдүүлүгү 100-200 пайызга өстү. Буга чейин көбүнчөсү импорт болчу. Быйыл жай мезгилинде кыргызстандыктарды жумуртка менен өзүбүздүн ишкерлер камсыз кыла алышты. Алар күнүнө 50 миңден 300 миңге чейин жумуртка өндүрүшүп, аймактардагы элди кошо камсыздайт. Бирок алардын түйшүгү чоң. Жумуртка баскан тооктор назик келишет. Багууда кичине ката кетсе ооруп же өлүп калышы ыктымал. Ошондой эле жумурткалар бир-эки күндө сатылбаса эскирип кетет. Эскиргендери ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Негизинен жумуртканын 85 пайызы Чүйдө өндүрүлөт. Түштүк тарапта аз. Ошондуктан түштүктөгү элди жаңы жумурткалар менен камсыздоо үчүн 160 тоок бата турган чакан фермаларды көбөйтүү зарыл. Алар бир айылдын элин жаңы жумурткалар менен камсыздай алышат. Биз ишкерлерге тоокту багуу, жем-ашын туура берүү боюнча окутууларды өткөрүп, жем менен камсыздап турабыз. Өкмөт менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, социалдык келишимдер менен чакан бизнес ачууну каалаган аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берип келебиз", — деди Суюнтбеков.