Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мурдагы канцлер Россияны жеңүүгө үмүт арткандарды тарыхты кароого чакырды

Саясатчы Батыш өлкөлөрү Россиянын коопсуздук кызыкчылыктарын этибарга албай жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер Россияны аскердик жактан жеңүүгө мүмкүн эместигин айтканын РИА Новости жазды.
Ал Украинадагы жаңжал боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырып, тынчтыкка жетүүнүн бирден-бир жолу компромиске баруу экенин айткан.
"Мен буга (жеңишке — ред.) ишенгендерге тарых китептерин окуп чыгууну сунуштайм. Наполеондон баштап Гитлерге чейин жеңилген", — деди саясатчы.
Мурдагы канцлер Батыш Россиянын коопсуздук кызыкчылыктарын этибарга албай, Украинадагы жаңжалдын күчөшү кайда алып барарын аңдабай жатканын белгилеген.
"Өзгөчө немецтер Экинчи дүйнөлүк согушта Германиянын атынан жасалган кылмыштарды эске алуу менен өзүбүздү кылдат жана конструктивдүү алып жүрүүгө тийишпиз", — деп эскертти ал.
Сентябрда Владимир Путин Россия тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартпаганын, бирок мындай сүйлөшүүлөр Стамбулда жазылган келишимдердин негизинде жүргүзүлөрүн айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сергей Лавров: Россия Батыш менен жаңжалдын күчөшүн каалабайт