Кытайда НАТОну баш катчысы менен кошо "отставкага кетүүгө" чакырышты

Столтенберг уюмду жетектегенден бери НАТО стратегиялык максаттарга байланыштуу маселелерде АКШга мурдагыдан да жакын болуп калганын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 75 жыл ичинде НАТО тынч жана коркунучсуз тартипти түзүүгө салым кошкон жок. Тескерисинче, ал коопсуздук дилеммаларына себепчи болууда. Мындан улам уюм кызматтан кетип жаткан башкы катчы менен бирге "отставкага" кетиши керек. Бул тууралуу Кытайдын Global Times мамлекеттик басылмасынын жазганына таянып, РИА Новости кабарлады.
Белгилей кетсек, НАТОнун азыркы баш катчысы Йенс Столтенбергдин кызматтык мөөнөтү аяктап баратат. 1-октябрда Брюсселдеги НАТОнун штабында ал кызматын Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рюттеге расмий өткөрүп бермекчи.
Макаланын авторлору 75 жылдык тарыхында НАТО Европаны да, дүйнөнү дагы тынч, коркунучу жок жашоо менен камсыз кылбаганын, тескерисинче, альянсты кеңейтүү менен коопсуздук дилеммаларына себепчи болуп жатканын белгилешкен.
"НАТО согуштун эскирген концепциялары, Европа менен Азия-Тынч океан аймагын талкалап жаткан коркунучтуу жүрүм-туруму үчүн иштөө мөөнөтү аяктаган башчысы менен бирге тезирээк "отставкага" кетиши керек. Украинадагы кырдаалдын курчушуна НАТОну кеңейтүү себеп болгон, анын Азия-Тынч океан чөлкөмүнө кулач жайышы Европадан тышкары жактарда геосаясий кырдаалды чыңалтты", — деп жазылат макалада.
Авторлор Столтенберг уюмду жетектегенден бери НАТО стратегиялык максаттарга байланыштуу маселелерде АКШга мурдагыдан да жакын болуп калганын белгилешкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сергей Лавров: Россия Батыш менен жаңжалдын күчөшүн каалабайт