Сузакта Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоо башталды

Бул округда 81 шайлоо участогу ачылып, жалпы 124 миң 429 шайлоочу тизмеге киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү 8.00дө башталганын, ал кечки саат 20.00гө чейин уланарын белгиледи.
Эң көп добуш алган талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет.
Бул округда 81 шайлоо участогу ачылган. Тизмеге 124 миң 429 шайлоочу киргизилген. Депутаттык мандат үчүн 7 талапкер (6 эркек, 1 аял) ат салышууда.
Эскерте кетсек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.
Мандат көбөйөт. Жергиликтүү кеңештерге тиешелүү мыйзамдар үч окуудан өттү