Кыргызстанга акчанын басымдуу бөлүгү Россиядан которулган

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстанга акча которуулардын дээрлик 93%ы Россиядан жасалган.
Январдан июлга чейин өлкөгө 1 миллиард 671,6 миллион доллар которулса, анын 1 миллиард 552,4 миллион доллары Россиядан келген.
Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат.
Кыргызстандын эки банкы Россиядан акча которууга жарым-жартылай чектөө киргизди