Россия Кыргызстанга трансплантация боюнча жардам берүүгө даяр экени айтылды

Кыргызстандын жана Россиянын саламаттык сактоо министрлери жолугуп, бир катар багыттар боюнча кызматташууну талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын медиктери бир катар багыттар боюнча кызматташат. Бул тууралуу РФ Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында кабарланган.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда Кыргызстандын жана Россиянын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Михаил Мурашко жолугушкан.
Тараптар биринчи медициналык жардам, дарыгерлердин ишинде жасалма интеллектини колдонуу, медкамсыздандыруу системасын жакшыртуу жана меджардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга көмөктөшүүнү талкуулашты.
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри донордук органдардын жана трансплантациянын эффективдүү кызматын түзүүгө, өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилесе, Михаил Мурашко Россия бул багытта методикалык жана практикалык жардам берүүгө даяр экенин айтты.
Ошондой эле эки министр медициналык билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине кеңири токтолушкан.
Саламаттык сактоо министрлиги табыпчылыкты мыйзамдаштырууну сунуштады