Жаанчыл болот. Өлкө боюнча 28-сентябрга чейинки аба ырайынын божомолу

Синоптиктер 22-23-сентябрда көпчүлүк жерде катуу шамал болорун эскертүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктер 28-сентябрга чейин өлкөдө жаан-чачын болорун божомолдоодо.

Чүй менен Талас

Бул дубандарда жума ичи жаан-чачындуу болот. Бийлик тоолуу аймактарга кар түшөт. Күндүн көзү 28-сентябрда көрүнөт. 22-23-сентябрда күндүз айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлүүдө.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Өлкөнүн түштүк аймактарында жуманын башында күн ачык болот. Ал эми 25-сентябрдан 28-сентябрга чейин жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт. 22-23-сентябрда айрым жерлерде катуу шамал болушу мүмкүн.

Ысык-Көл менен Нарын

Бул региондордо дагы келерки апта жаан-чачындуу болот. Күн 28-сентябрда ачык болору айтылууда. Эки облуста тең 22-23-сентябь күндөрү айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору күтүлүүдө.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы