Мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленет

Иш-чарада кыргыз тил боюнча мамлекеттик кызматкерлер арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Эртең, 23-сентябрда, Кыргыз тили күнү жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара саат 10:00дө башталып, ага президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, окуу жайлардын профессорлору, коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө.
"Мааракеде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, иш-чараны "Ырдайлы кыргыз ырларын" концерттик программасы жыйынтыктамакчы.
Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинин үч айлыгы жарыяланды