Тил комиссиясы кыргыз тилин жеңил үйрөнөм дегендер үчүн тиркеме сунуштады

Колдонмодо кыргыз тилин орус тили аркылуу же англис тили аркылуу жеңил үйрөнүү шарты каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргыз тилин жеңил үйрөнөм дегендер үчүн "Кыргызча оңой" / "Easy Kyrgyz" мобилдик колдонмосу иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билдирди.
Иш-чараны ачкан комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев программа заман талабына жараша үйрөнүүгө жеңил болуп иштелип чыкканын белгилеген.
Долбоордун жетекчиси Данияр Карабаев келген конокторго колдонмону көчүрүп катталуу жолдорун түшүндүрүп, интерактивдүү оюндарды өткөргөн.
Колдонмодо кыргыз тилин орус тили аркылуу же англис тили аркылуу жеңил үйрөнүү шарты каралганы белгиленди.
Тиркеме Android жана iOS системаларында жеткиликтүү.
Мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленет