БУУ трибунасында сүйлөйт. Садыр Жапаров Нью-Йоркко барды

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

2 / 4

Жапаровдун учагы Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конгон

3 / 4

Өлкө башчы БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат

4 / 4

Бүгүн, 22-сентябрда, президент Келечек саммитине катышат, анын алкагында "Келечек пактынын" жыйынтыктоочу документи кабыл алынат

Жапаровдун учагы Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конгон.
Өлкө башчы БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.
Бүгүн, 22-сентябрда, президент Келечек саммитине катышат, анын алкагында "Келечек пактынын" жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.
24-сентябрда өткөн жылдагыдай эле Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сүйлөйт.
Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен кезигишүү болот.
Аида Касымалиева Башкы Ассамблеянын 79-сессиясында төраганын орун басары болду