БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият министрлигинин балансына өтө турган "Кыргыз маданият сервис" ишканасын көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министр Алтынбек Максүтовдун айтымында, ишкананын имараттарында костюмдарды, декорацияларды, үн жана видеожазуу студияларын жасоочу цехтер түзүлүп, музыкалык аспаптар, жабдуулар, жасалгалар сакталат. Мындан тышкары, ведомствонун унаалары тейленип, эксплуатацияланат.
"Кыргыз маданият сервис" мамлекеттик ишканасынын милдети — театралдык, музыкалык, көркөм жана адабий искусствону жайылтып, көркөмдүк деңгээли жогору программаларды түзүү.