23-сентябрга карата аба ырайы

23-сентябрга караган түнү тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас, Нарын облустарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +26...+31, Ысык-Көл кылаасында +17...+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ош шаарында +28...+30 градуска чейин жетет.
Жаанчыл болот. Өлкө боюнча 28-сентябрга чейинки аба ырайынын божомолу