Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Бириккен Араб Эмирликтери тартип бузгандарды айыптан бошотот. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ал үчүн 31-октябрга чейин мөөнөт берилген. Жеңилдик алгандар айыптардан бошотулат жана аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынбайт. Бул мүмкүнчүлүктөн төмөндөгүлөр пайдалана алат: убактылуу жашоого уруксат мөөнөтү аяктап же жокко чыгарылса да жашап жүргөндөр; виза мөөнөтү өтүп кетсе дагы жүрө бергендер; жумушуна тыныгуу алганы үчүн Listed individuals тизмесине киргизилгендер; өлкөдө жаңы төрөлгөн чет элдик балдар. Ымыркайдын туулган күнүнөн тартып 4 айдын ичинде жашаган жерин ырастабаган чет өлкөлүк жарандар. Акыркысынан башка эрежелер 1-сентябрдан кийин бузулса амнистия колдонулбай турганы айтылды. Толук маалымат БАЭнин иденттүүлүк жана жарандык, бажы жана порттордун коопсуздугу боюнча федералдык органынын сайтында жарыяланган. Бул демилге Бириккен Араб Эмирликтеринин кайрымдуулук жана сабырдуулук баалуулуктарына негизделген мамилесинен келип чыгып, мыйзам бузуучуларга статусун мыйзамга ылайык оңой жана ыңгайлуу өзгөртүүгө жаңы мүмкүнчүлүк берүү максатында пайдаланылмакчы.
Өлкөдө 17-сентябрдан тарта бир айлык "Жүргүнчү" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 17-октябрга чейин болот. "Жыл башынан тартып сегиз ай аралыгында өлкө аймагында жөө адамдарды коюп кетүү фактысы менен коштолгон 1 610 жол кырсыгы катталып, 1 633 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен жөө жүргөндөрдүн күнөөсү менен 142 жол кырсыгы катталып, 13 жөө киши көз жумган", — деп айтылат маалыматта. Мындан улам "Жүргүнчү" аталышындагы рейд башталып, үч күндө 261 адам кармалган. Баарына миң сомдон айып салынганы айтылды.
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктын өкүлдөрү Мамыров көчөсүндөгү курулуш материалдары жана унаа тетиктери сатылган базардын соодагерлери менен жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, бийлик өкүлдөрү соодагерлер менен базарды шаардын сыртына көчүрүү тууралуу сүйлөшүшкөн. "Эки ай аралыгында базарлар шаар сыртына чыгарылары айтылып, кагаз жүзүндө эскертүүлөр берилди. Бул иштер шаар ичиндеги унаа тыгындарын жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жасалууда. Июль айында Ош шаардык кеңеши шаар ичиндеги тамак-аш, курулуш, кийим-кече, жайма базарларды сыртка чыгаруу боюнча токтом кабыл алган", — деп айтылат маалыматта.
Быйылкы жылдын эсебинен Бишкектин алты чоң көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү мерчемделсе, анын төртөөндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматта алты көчө тең көп жылдан бери оңдоодон өтө электиги айтылат. "Капиталдык ремонт жүргүзгөн подрядчы уюм менен түзүлгөн келишимдин шартына ылайык, жумушту аткаруучу тарап жол тилкесинин сапатына үч жылдык кепилдик берет. Эгер бул аралыкта жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, аны подрядчы уюм өз эсеб