"Колуман келбейт" деген сөздү айтпаган блогер Жакшылыктын маеги

Көп түрдүү жөндөмү менен бир топ социалдык тармактардагы интернет-колдонуучулардын көңүлүн бурдурган блогер Жакшылык Күмүшбеков менен маектештик.
Sputnik
Жакшылыктын видеодо көрсөткөн спорттук трюктарына карата "каскадёрсуңбу?", "фильмге тартылсаң боло", "машыктыруучу болсоң" деген өңдүү билдирүүлөр көп жазылат. Маекте блогер спортко эмнеден улам келип калганын, балалыгы кандай өткөнүн баяндады. Мындан тышкары, блогерликке атайын бел байлап киришпегенин, капыстан эле ушул жолго түшүп калганын айтып берди.
"Колуман келбейт" деген сөздү айтпайм, кылыш керек, жасаш керек, башкалар жасай алса, демек, мен да жасай алам деп ойлоном. Кээ бирлер компьютердик оюндарга, дагы башка пайдасыз нерселерге убакыт коротушпаса, алар да көп нерсени үйрөнүшмөк", — деди Күмүшбеков.
Ошондой эле маектешим жубайы менен ажырашкан кездеги жан дүйнөсүндөгү азаптары көп тараптуу өнүгүүгө түрткөнүн кошумчалады.
Тема боюнча:
Аялдан акча аябаган эркек бай болот экен. Эрке бала Аргендин видеомаеги