Терини кайсы азыктар менен каражаттар бузат? Диетологдун кеңеши

Дианова терини дайыма майлап туруу маанилүү экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова кайсы азыктар териге зыян экенин РИА Новостиге айтып берген.
"Теринин кургашына бир катар факторлор таасир этет. Алардын бири — кумшекерди көп колдонуу. Ошол себептен аны азайтып, кумшекер колдонулган азыктардан баш тартуу зарыл. Анын ордуна жашылча-жемиш, кургатылган жемиш жеген териге пайдалуу", — деген диетолог.
Дианова терини дайыма майлап туруу маанилүү экенин белгилеген. Ошондой эле курамында спирт кошулган косметикалык каражаттардан, чылымдан баш тартууну сунуштаган.
Адистер күн аллергиясынан коргонуунун жолдорун айтты