Айлык 65 миң сомго чейин. "Тазалык" жумушчуларды ишке чакырат

Бишкек мэриясы жашоочуларды таштандыны саат 19:00дөн 00:00гө чейин чыгаруу керектигин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жүктөгүч, айдоочу, тазалоочу жана жумушчуларды ишке чакырууда.
"Катуу таштандыларды жүктөп жана чыгарган жумушчулар аткарган ишине жараша 40 миң сомдон 65 миң сомго чейин айлык алышат. Ал эми айдоочу, тазалоочу, жүктөгүчтөрдүн айлыгы 38 миң сомдон 43 миң сомго чейин болот", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалымат алуу үчүн Ростовская көчөсү, 19Б же Ала-Арча көчөсү, 74А даректерине кайрылса болот. Сурап-билүү телефондору: 0502 020 003, 0707 604 433, 0500 588 188, 0707 250 056.
Бишкек мэриясы жашоочуларды таштандыны саат 19:00дөн 00:00гө чейин чыгарууга чакырган. Ишкананын жумушчулары таштандыны таңкы саат 06:00гө чейин тазалашат.
Эмгек министрлиги жумуш орду бар тармактарды тизмектеди