Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда кээ бир саясатчылар Киевди НАТОго кирүү үмүтүн үзүүгө чакырууда

АКШ менен Европанын айрым саясатчылары Россияга санкцияларды жеңилдетүү керектигин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШ менен Европанын бир катар саясатчылары Украинанын НАТОго кирүү үмүтүн үзүп, балким Россияга санкцияларды жеңилдетүү керектигин айтканын Washington Post гезити жазды. Бирок ошол эле маалда айрым саясатчылар кансыз согуш сөзсүз болорун божомолдоодо.
"Башкалар (АКШ менен Европадагы саясатчылар) Батыш учурда Украинанын НАТОго кирүү үмүтүнө чекит коюшу керектигин, Киевди аймагын берүүгө ынандырып, Россияга киргизилген санкцияларды жеңилдетүүнү сунуштоо керек деп эсептейт. Украинадагы согушту токтотуу үчүн Кремль менен иштешүүнү көптөн бери жактап келгендер дагы узакка созулган кастык жаңы кансыз согуштун башталышына себеп болорун айтууда", — деп билдирди Washington Post гезити.
Ошол эле маалда басылма Батыш мамлекеттеринин Россия экономикасын жана аскердик өндүрүшүн "бузуу" жана аларды Украинадагы атайын аскердик операциядан баш тартууга мажбурлоо аракети ишке ашпай калганын белгилейт.
Батыш Украинага байланыштуу Россия санкциялык басымды күчөттү, бул Европа менен АКШда электр энергиясынын, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн кымбатташына алып келди. 2022-жылдын февралында Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери Евробиримдик Россияга каршы 14 санкция пакетин киргизген.
РФ бир нече жолу ага салынган жана бүгүнкү күнгө чейин күчөп жаткан санкциялардан чөгөлөп калбастыгын айткан жайы бар. Москва киргизген чектөөлөрү максатына жетпей калганын мойнуна алууга Батыштын эрки жетпей жаткандыгын белгилеген. Аталган тараптагы бир нече өлкө антироссиялык санкциялар майнапсыз болуп жатканын айтып, дешкен.
РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун белгилеген. Анын айтымында, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.
Ак үй мунай боюнча антироссиялык санкцияны катуулатарын айтты