Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сергей Лавров: Россия Батыш менен жаңжалдын күчөшүн каалабайт

РФ ТИМ башчысы Батыш "чектен чыгып" жатканын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россия Батыш менен жаңжалдын күчөшүн каалабайт, бирок ошол эле учурда украиндер Киевге берилген алыскы аралыкка атуучу куралдарды колдоно албашын баары түшүнөт. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эскалация болбосун. Сиз туура айтасыз, алар ойноп жатышат. Бул жооптуу кызматтарды ээлеген министрлер, премьер-министрлер, канцлерлер, президенттер чоң эле киши болсо да өзүн жаш баладай алып жүрүшүүдө", — деди Лавров Sky News Arabia телеканалына берген маегинде.
Министр бир нече айдан бери "Россия "коркутуп", Батыш кайра-кайра "чектен чыгып" жатканы менен эч нерсе чыкпай жатат" деген сөздөр жүрүп жатканын кошумчалаган.
Ошол эле учурда Лавров президент Владимир Путин эгерде Киев Россиянын аймагына алыс аралыкка атуучу куралдан ок чыгарса, анда бул НАТОнун Россияга каршы согушу деп кабыл алынары тууралуу айткан сөзүн эскертти.
"Вашингтондо муну түшүнгөн акылдуу адамдар бар (Путиндин эскертүүсү — ред.). Азыр НАТО Россияга каршы согуш жүргүзүүдө. Бирок бул — украиндер жасаган гибриддик согуш. Кеп алыска атылуучу куралдар жөнүндө болсо, аны Киев өзү колдоно албастыгын баары билет. Спутниктен маалымат алуу, учуруу — мунун баарын куралды чыгарган өлкө гана жасай алат", — деген ТИМ башчысы.
Владимир Путин НАТОдо Украинанын Батыш берген курал-жаракты колдонуусу эле эмес, жаңжалга түз аралашуусу да талкууланып жатканын эскерткен. Мамлекет башчынын айтымында, Киев режими бүгүнкү күндө деле Россиянын аймагына дрон жана башка каражаттар менен сокку урууда. Ал эми Батыштын өндүрүшүнөн чыккан жогорку тактыктагы курал-жаракты колдонуу тууралуу сөз болгондо Путин мындай операцияларга альянс мамлекеттеринин аскерлери да катышарын, анткени ракеталык системаларга учуу тапшырмаларын ошолор гана бере аларын белгиледи.
РФ лидери Батыштын Украина жаңжалына тикелей аралашуусу атайын операциянын маани-маңызын өзгөртүп, НАТО мүчөлөрү, европалык мамлекеттер Россия менен согушууда дегенди түшүндүрөрүн эскертти. Анын айтымында, мындай жагдайда Москва пайда болгон кооптуулуктарды карап чечим кабыл алууга аргасыз болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда кээ бир саясатчылар Киевди НАТОго кирүү үмүтүн үзүүгө чакырууда