Ош шаарындагы Мамыров көчөсүндөгү базарлар калаа сыртына чыгарылат

Бул иштер шаар ичиндеги унаа тыгындарын жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жасалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктын өкүлдөрү Мамыров көчөсүндөгү курулуш материалдары жана унаа тетиктери сатылган базардын соодагерлери менен жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, бийлик өкүлдөрү соодагерлер менен базарды шаардын сыртына көчүрүү тууралуу сүйлөшүшкөн.
"Эки ай аралыгында базарлар шаар сыртына чыгарылары айтылып, кагаз жүзүндө эскертүүлөр берилди. Бул иштер шаар ичиндеги унаа тыгындарын жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жасалууда. Июль айында Ош шаардык кеңеши шаар ичиндеги тамак-аш, курулуш, кийим-кече, жайма базарларды сыртка чыгаруу боюнча токтом кабыл алган", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров жаңы "Ош" базарынын курулушунан тартылган видеолорду жарыялады