Бишкектеги "Органик экспо" форумунда аймактык жол карта иштелип чыкты

Кезектеги форум 2025-жылы Алматыда өтө турган болду. Бишкектеги иш-чара эстафетаны тапшыруу менен аяктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Борбор калаада 2025-2028-жылдарга Борбор Азияда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча жол карта иштелип чыкканын Organic Expo-2024 форумунун уюштуруучулары билдирди.
Форумдун экинчи күнүндө Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Монголиянын өкүлдөрү жана делегаттар катышты. Эксперттер Борбор Азиядагы органикалык айыл чарбадагы кыймылды колдоо стратегиялары боюнча иштешти.
"Иш-чарада Кыргызстандагы органикалык айыл чарба жерлеринин аянтын кеңейтүү маселеси негизги тема катары каралды. Учурда ал айдоо жерлердин жалпы көлөмүнүн беш гана пайызын ээлейт. Иш-чаранын катышуучулары фермерлердин чарбасындагы алма, алмуруттун түшүмүн жыйноого катышып, андан соң заманбап агротехнологияларды талкуулашты", — деди уюштуруучулар.
"Органика – тынчтыктын элчиси" демилгесинин автору Санжар Султанкулов органикалык айыл чарбага жаңычылдык технологияларды киргизүү маанилүү экенин белгиледи.
"Биздин милдет азыркы жетишкендиктерди сактап калуу гана эмес, органикалык заттарды аймактын өнүгүүсүнүн негизине айландыруу. Биз туруктуу өнүгүүгө өбөлгө боло турган жаңы ыкмаларды жайылтышыбыз керек", — деген ал.
Кезектеги форум 2025-жылы Алматыда өтө турган болду. Бишкектеги иш-чара эстафетаны тапшыруу менен аяктаган.
Organic Expo-2024 форумуна ондон ашык өлкөдөн 200дөн көп эксперт жана 50 спикер катышкан. Иш-чара Борбор Азиядагы органикалык айыл чарбанын келечегин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп берген.
Бишкектин чок ортосунда айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Видео