Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө эмгек рыногунда суроо-талап көп. Бул тууралуу Гүлнур Мамырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында бул тармакта соңку жылдары жүргүзүлгөн реформалар жакшы натыйжаларды берип жатат.
"Биздин бир канча жылдан бери иштеген маалыматтык башкаруу системабыз бар. Ал жакка лицейлер өзүнүн бүтүрүүчүлөрү тууралуу маалыматтарды, көрсөткүчтөрдү жөнөтүп турат. Анын жыйынтыгына таянып айтсам, биздин бүтүрүүчүлөрдүн 68 пайызы өз кесиби менен иштейт. 3 пайызы аскердик кызмат өтөгөнү аттанат, 3 пайызы окууну улантат, ал эми 13 пайызы миграцияга кетет. Сыртка чыгышса да алар өз кесиби менен иштей турганын билебиз. Эгер ашпозчулукту бүтсө — ашпоз, ширетүүчүлүктү бүтсө ширетүүчү болуп иштейт. Барган өлкөсүндө кайра окуганга муктаж эмес. Биздин дипломдор ал жакта таанылат. Ал эми дагы бир бөлүгү жеке ишканаларын ачышат, 4-5 бала топтолуп алып, кандайдыр бир тейлөөчү цехтерди иштетишет. Биз бул маалыматтык ыкманы жаңыртуу боюнча иштеп жатабыз. Социалдык фонддун төлөмдөрүнө байласакпы деген ой бар. Ошондо расмий жумушка орношкон балдар тууралуу толук маалымат алмакпыз", — деди Мамырова.
Ошондой эле ал кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө окуусун улантуу үчүн шарттар түзүлгөнүн, колледж жана ЖОЖдор менен жакшы келишимдер бар экенин кошумчалады.