261 адам кармалды. 17-октябрга чейин "Жүргүнчү" аталышындагы рейд жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өлкөдө 17-сентябрдан тарта бир айлык "Жүргүнчү" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 17-октябрга чейин болот.
"Жыл башынан тартып сегиз ай аралыгында өлкө аймагында жөө адамдарды коюп кетүү фактысы менен коштолгон 1 610 жол кырсыгы катталып, 1 633 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен жөө жүргөндөрдүн күнөөсү менен 142 жол кырсыгы катталып, 13 жөө киши көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам "Жүргүнчү" аталышындагы рейд башталып, үч күндө 261 адам кармалган. Баарына миң сомдон айып салынганы айтылды.
Ошто дүйшөмбүдөн тарта "Коопсуз шаар" ишке кирет. Эмнелерди билүү керек?