Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Ат оюндары... УКМК кыргыз-казак элинин мамилесине доо кетирбөөгө чакырууда

Ал КамАЗдын айдоочусу кабинасынан Казакстандын желегин жулуп ыргытып жиберген видеону социалдык тармакка тараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. УКМК Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө ат оюндарынан (көкпар) кийин социалдык тармакка видео тараткан жигитке эскертүү берген.
Комитеттин маалымат кызматы кабарлаганына караганда, анын жасаган иштеринде улут аралык кастыкты козуткан элементтер болгон.
Атайын кызмат билдиргендей, ал КамАЗдын айдоочусу кабинасынан Казакстандын желегин жулуп ыргытып жиберген видеону социалдык тармакка тараткан. Бул видео интернет-колдонуучулар тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан.
УКМК видеонун 21 жаштагы авторун таап, ага мындай нерсе улут аралык кастыкты козуткан элемент экенин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Кыргызстандык жигит эмоцияга алдырганын айтып, эки элден кечирим сураган.
Атайын кызмат жарандарды чагымга алдырбоого жана спорттук оюндарга байланыштуу эки өлкөнүн достук мамилелерине залакасын тийгизиши мүмкүн болгон чакырыктарды мындан ары жасабоого чакырды.
Көкпар федерациясы казак улакчылары Ысык-Көлгө келбей турганын билдирди