ЖМК: Газага Израиль жасаган чабуулдан бүгүн кеминде 20 киши көз жумду

Анклавдын Саламаттык сактоо министрлиги соңку үч күндө Газада израилдик армиянын колунан 119 адамдын өмүрү кыйылып, 209у жаракат алганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Израиль армиясынын чабуулунан улам Газа тилкесинин түндүк-чыгышындагы мектепте кеминде 20 адам каза тапты. Бул туурасында палестиналык Safa агенттигине таянып РИА Новости билдирди.
Маалыматта бүгүн эртең менен Израиль учактары адамдар жайгаштырылган Аз-Зейтун мектебине абадан сокку урганы айтылат.
Анклавдын Саламаттык сактоо министрлиги соңку үч күндө Газада израилдик армиянын колунан 119 адамдын өмүрү кыйылып, 209у жаракат алганын билдирди.
"Акыркы 72 саатта израилдик оккупация Газада үй-бүлөлөргө кыргын салган 12 ирет чабуул жасады. Мунун кесепетинен 119 киши каза таап, 209 адам жарадар болду", — деп айтылган анда.
Ведомствонун маалыматына караганда, чатак башталгандан тарта Израилдин колунан каза тапкандардын саны 41 391 кишиге жетип, 95 миң 700дөн ашууну ар кайсы жеринен жаракат алышкан.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган.
Израилдин Газага соккусунан каза болгондордун саны 41 миңден ашты