Аялдардын евразиялык IV форуму Айгүл Жапарованы коомдук демилгелери үчүн сыйлады

Биринчи айым кайрымдуулук иштер менен алектенип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан "Эне-балага тирек" коомдук фондун жетектейт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Аялдардын евразиялык IV форуму Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын ишмердүүлүгүн жогору баалап, коомдук демилгелери үчүн диплом менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова маалымдады.
Форум Санкт-Петербург шаарында өтүп жатат. Иш-чараны Россиянын Федерация кеңеши жана КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясы уюштурган. Аялдардын IV евразиялык форуму – бардык континенттердин лидер аялдарынын диалогу үчүн ири эл аралык аянтча.
Жапарованын сыйлыгын форумга катышып жаткан Гуля Кожокулова алган.
"Айгүл Жапарова кайрымдуулук фондун жетектеп, балдарга, майыптыгы бар балдарга жардам берип келет. Бул биринчи айымдын Кыргызстандын жана эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө кошкон салымын баалоо болуп саналат. Cыйлыкты Кыргызстандагы ар бир аял өзүнүкүндөй кабыл алат деп ойлойм", — деген депутат.
Жапарова кайрымдуулук иштери менен алектенип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан "Эне-балага тирек" коомдук фондун жетектейт.
Баткенде майып кызы менен баш калкалап жүргөн 90 жаштагы эне үйлүү болду