Чүй жана Омск облустары төрт багыт боюнча кызматташууну макулдашты

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Нигерия, Кытай, Беларусь жана Өзбекстандан келген делегаттар, ошондой эле Россиянын аймактарынын өкүлдөрү катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Омск облусунун өкмөтү кызматташуу боюнча келишим түздү.
Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак башчыларынын IV форумунун алкагында өткөн.
1 / 2

Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак башчыларынын IV форумунун алкагында өткөн.

2 / 2

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Нигерия, Кытай, Беларусь жана Өзбекстандан келген делегаттар, ошондой эле Россиянын аймактарынын өкүлдөрү катышты.

Анда тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Анын ичинде Омск агрардык илимий борбору менен айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган келишимдер да болду.
Форумга Кыргызстан, Казакстан, Нигерия, Кытай, Беларусь жана Өзбекстандан келген делегаттар, ошондой эле Россиянын аймактарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чара экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү максатына уюштурулган.
Кыргыз маданият күндөрүнүн алкагында Омск мамлекеттик облустук илимий китепканасында маданий иш-чаралар жүргөн. Ага экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков жана Омск шаарындагы ардактуу консулу Нурсултан Исабек уулу катышкан. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган фотокөргөзмө жана "Кыргыз маданиятынын бурчу" стенд-көргөзмөсү да уюштурулган.
Омскидеги ШКУ форуму: билим берүү боюнча кызматташуу - өнүгүүнүн бир жолу