Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти. Делегация курамы

Президенттин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кеткенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкө башчы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышып, жалпы дебаттарында сүйлөйт. Ошондой эле Келечек саммитинин ишине катышып, уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугары, башка да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Делегациянын курамындагылар:
Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев - президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Бактыбек Аманбаев - КРдин АКШдагы элчиси;
Бакыт Сыдыков – президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Аида Касымалиева - Кыргызстандан БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү.
Аида Касымалиева Башкы Ассамблеянын 79-сессиясында төраганын орун басары болду