Бишкектин айрым жерлеринде 24-сентябрда суу болбойт. Даректер

Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Калаа мэриясы 24-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөрүн эскертти.
Бул күнү "Бишкек суу канал" муниципалдык ишканасы "Көк-Жар" суу алгычындагы суу түтүктөрүн оңдойт.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
Темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
Темир жол линиясы — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.
"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурайт жана элди сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Бишкектин жаңы жасалган жолдору бузулганын байкагандар мэрияга кайрыла алат