Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөө системасын өзгөртүү каралууда

Бир күндө бир канча автобуска түшкөн жүргүнчү төлөмдү бир эле жолу жүргүзөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында пландуу жыйын өтүп, анда калаа башчы тиешелүү кызматтарга коомдук транспорттун жол кире акысын төлөө системасын карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, эгер жүргүнчү белгилүү бир убакыттын ичинде коомдук транспортто бир же бир нече жолу жүрсө, ага жол кирени бир эле жолу төлөйт.
"Мисалы, азыр жүргүнчү биринчи автобустан экинчи, андан ары үчүнчү автобуска отуруп 51 сом коротсо, жаңы программа менен ошол эле каттамга болгону 17 сом төлөп калат", — деп жазылат мэриянын маалыматында.
Жаңы программа качан ишке аша баштаары так айтылган эмес.
Бишкектеги жолдордо коомдук транспорттор үчүн сызыктар кийинчерээк кайра чийилет