Футбол боюнча улуттук курамада иштеген ар бир башкы машыктыруучу команданы жаңы деңгээлге чыгара алды. Акырындап алдыга жылып жатабыз. Бул тууралуу Мирлан Эшенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, словакиялык машыктыруучу Штефан Таркович курама командадагы балдардын футболдук менталитетин өзгөртүүгө үлгүрдү.
"Футбол боюнча улуттук курамада иштеген ар бир башкы машыктыруучу команданы жаңы деңгээлге чыгара алды. Улам бир кадам жылып жатабыз. Алсак, Александр Крестининдин учурунда "ак шумкарлар" тарыхта алгачкы ирет Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноп, жыйынтыгы жакшы болду. Ал эми словакиялык Штефан Таркович 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу турунун 3-баскычына чыгарды. Муну менен оюнчулар жакшы тажрыйба топтоп, үйрөнүп жатат. Негизи Таркович балдардын футболдук менталитетин алмаштырууга үлгүрдү. Кандай болгон күндө да биздин машыктыруучулар үчүн жаңы ойлор, идеялар, өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр болду. Кыргыз футбол биримдиги да машыктыруучуларды даярдоого бардык шарттарды түзүп, жаңы муунду чыгаруу аракетин көрүүдө", — деди Эшенов.
Ошондой эле ал футболдук инфраструктуранын жакшырышы футболду жаңы деңгээлге чыгарууга жол ачыларын кошумчалады.