Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев башында турган Кыргызстандын делегациясы Москва шаарында КМШнын Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Жолугушууда экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык алакасын жакшыртуу иштери талкууланды. Отурумдун жүрүшүндө бир катар чечимдерге кол коюлгандыгы айтылды.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында пландуу жыйын өтүп, анда калаа башчы тиешелүү кызматтарга коомдук транспорттун жол кире акысын төлөө системасын карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, эгер жүргүнчү белгилүү бир убакыттын ичинде коомдук транспортто бир же бир нече жолу жүрсө ага жол кирени бир эле жолу төлөйт. "Мисалы, азыр жүргүнчү биринчи автобустан экинчи, андан ары үчүнчү автобуска отуруп 51 сом коротсо, жаңы программа менен ошол эле каттамга болгону 17 сом төлөп калат", — деп жазылат мэриянын маалыматында. Жаңы программа качан ишке аша баштары так айтылган эмес.
*Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Омск облусунун өкмөтү кызматташуу боюнча келишим түздү. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак башчыларынын IV форумунун алкагында өткөн.Анда тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Анын ичинде Омск агрардык илимий борбору менен айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган келишимдер да болду. Форумга Кыргызстан, Казакстан, Нигерия, Кытай, Беларусь жана Өзбекстандан келген делегаттар, ошондой эле Россиянын аймактарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чара экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү максатына уюштурулган. Кыргыз маданият күндөрүнүн алкагында Омск мамлекеттик облустук илимий китепканасында маданий иш-чаралар жүргөн. Ага экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков жана Омск шаарындагы ардактуу консулу Нурсултан Исабек уулу катышкан. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган фотокөргөзмө жана "Кыргыз маданиятынын бурчу" стенд-көргөзмөсү да уюштурулган.
Ливандагы пейджерлердин массалык жардырылышы — террордук актынын жаңы түрү. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Евразия аялдар форумунда өткөн брифингде билдирген. “Бул — террордук чабуулдун жаңы түрү. Анда жарандык мүнөздө көрүнгөн технологиялар террордук максатта колдонулган”, — деди Захарова. Ал Москва Ливандагы кооптуу окуяларга терең тынчсызданып жатканын жана Россиянын Тышкы иштер министрлиги пейджерлердин жарылышын гибриддик согуш катары баалай турганын белгиледи. Дипломаттын айтымында, кол салууну уюштуруучулар Жакынкы Чыгышта согуш чыгарууну көздөшкөн.