Захарова: Ливандагы пейджерлердин жарылышы — терроризмдин жаңы түрү

Дипломат Россия Ливандагы кооптуу окуяларга терең тынчсызданып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ливандагы пейджерлердин массалык жардырылышы — террордук актынын жаңы түрү. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Евразия аялдар форумунда өткөн брифингде билдирген.

“Бул — террордук чабуулдун жаңы түрү. Анда жарандык мүнөздө көрүнгөн технологиялар террордук максатта колдонулган”, — деди Захарова.

Ал Москва Ливандагы кооптуу окуяларга терең тынчсызданып жатканын жана Россиянын Тышкы иштер министрлиги пейджерлердин жарылышын гибриддик согуш катары баалай турганын белгиледи. Дипломаттын айтымында, кол салууну уюштуруучулар Жакынкы Чыгышта согуш чыгарууну көздөшкөн.

"Биз Ливанга жана анын жарандарына болгон кол салууну чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Эгемендүүлүктү одоно бузуу фактысы эл аралык укукка шек келтирет", — деди ТИМ өкүлү.

17-18-сентябрда Ливандын бир катар райондорунда пейджерлер менен рациялар массалык түрдө жарылган. Аппараттар "жогорку технологиялык таасирден" улам жардырылганы кабарланган. Расмий маалыматтар боюнча, 37 адам каза таап, үч миңден ашууну жарадар болгон.
"Хезболла" кыймылы жана Ливандын бийлиги окуя үчүн Израилди айыптоодо. Тель-Авив азырынча бул окуяга катышы бар экенин ырастай да, төгүндөй да элек.
New York Times үч чалгындоо кызматкерине таянып жазганына караганда, Израиль жарылуучу пейджерлерди чыгаруу үчүн компания түзүп, андан кийин Ливанга импорттолгон. Ал эми ABC News телеканалынын ЦРУдагы булагы билдиргендей, операция кеминде 15 жылдан бери пландалып келген.
Терроризм жаңы деңгээлге чыкты. Мамдума төрагасы Ливандагы жардыруулар тууралуу