Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи Столтенбергдин Россиянын тереңине сокку уруу боюнча сөзүнө үн катты

Баш катчы Киевге Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берүү эч кандай кызыл чийин болбой турганын, абал өзгөрбөй ушул боюнча каларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Киевдин алыска атылуучу ракеталары менен Россиянын тереңдеги аймактарына сокку уруу мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг сөзүнүн артында эмне жатканын аңдабай калышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Евразиялык аялдар форумунун алкагындагы брифингде билдирди.
"Менимче, мындай билдирүүнү өз алдынчалыгы таптакыр жок, бирөөнүн катуу кысымы алдында калган гана адам жасайт", — деди дипломат.
Захарованын айтымында, мындай олуттуу уюмдун атынан сүйлөгөн киши жасалчу кадамдардын кесепетин да эске алышы керек.
"Столтенберг да, анын сөзүн жазып бергендер да билдирүүлөрдүн арты кандай болорун аңдабай коюшу мүмкүн эмес", — деди өкүл.
Буга чейин Столтенберг Times гезитине маек куруп жатып Киевге алыска атылуучу ракеталар менен Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берүү эч кандай кызыл чийин болбой турганын, абал өзгөрбөй ушул боюнча каларын айткан эле. Ал ракеталарды пайдаланууга уруксат берүүгө ыктаган мамлекеттерди, анын ичинде Франция менен Улуу Британияны толук колдой турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: Киевдин союздаштары Москва менен сүйлөшүүгө ыктап бара жатат