УКМК экс-спикер Шеримкуловдун “мектептин ээси эмесмин” деген сөзүн төгүндөдү

Буга чейин саясатчы мыйзамсыз менчиктелген мектепке тиешеси жоктугун айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Медеткан Шеримкуловдун "Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктелген мектептин ээси эмесмин" деген сөзү чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү УКМК таратты.
“Анын ЖМКларда чыккан билдирүүсү колдогу документтерге дал келбейт. Тагыраагы, №1141 жерди колдонуу укугу берилген мамлекеттик акт 1998-жылдын 14-декабрында катталган. Актынын бир көчүрмөсү 1998-жылдан азыркы маалга чейин Шеримкуловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунда”, — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат жогоруда айылган себептен улам жергиликтүү бийлик аталган имаратты өзүнүн балансына өткөрө албай келгенин кошумчалады.
“Чүй облусунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Шеримкуловдорго документти кайтаруу талабы менен бир нече ирет кайрылган. Соңку кайрылуу 2023-жылдын октябрь айында болгон”, — деп билдирди УКМК.
Жыйынтыгында атайын кызмат 2024-жылдын 11-сентябрында 376 миллион 339 миң сомго бааланган 20 гектар аянты бар эки кабат мектептин имаратын мамлекетке кайтарып алган.
"Кыргызнефтегаздын" акцияларынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды