Токмокто 6-класстын окуучусу сабалып, милиция кызга экспертиза дайындады

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Токмок шаарында 6-класстын окуучусу сабалганын Чүй облусунун милициясынан кабарлашты.
Тартип сакчылардын айтымына караганда, 12 жаштагы Н. М. аттуу кызды Токмок шаардык ооруканасына алып келишкен. Дарыгерлер анын башынан жаракат алганын айтышты.
"Окуучу кыз медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Анын айтымына караганда, математика сабагы учурунда классташ баласы урган. Милиция фактыны каттап, учурда иликтөө жүрүп жатат",— деп айтылган маалыматта.
Милициядан зарыл болгон тиешелүү соттук-укуктук эскпертиза дайындалгандыгын айтышты.
Радио
Акыйкатчы: үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүүдө, кыз-келиндер билим алышы керек