Радио

Сыдыков: быйыл сырттан кумшекер алып келүүнү убактылуу чектөө зарыл

"Кайыңды кант" ААК башкы директорунун орун басары Таалайбек Сыдыков быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болгондуктан сырттан кирген кумшекерге убактылуу чектөө киргизүү зарылдыгы турганын айтты.
Sputnik
Кант кызылчасын жыйноо, заводго кабыл алуу иштери башталды. Быйыл эки заводго 900 миң тонна түшүм келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Таалайбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча кант кызылчасы өстүрүлгөн сегиз аянтча болсо, бешөөнүн түшүмү "Кайыңды кант", үчөөнүкү "Кошой" заводуна келип түшөт.
"Кант кызылчасы техникалык культура болгондуктан суудан абдан көз каранды. Жылда суу керек учурда кургакчылык болуп калып, түшүм аз жыйналчу. Республикада жогорку түшүмдүүлүк соңку ирет 2016-жылы болгон. Быйыл да 900 миң тоннадай кант кызылчасы чогулат деп божомолдоп жатабыз. Анткени жаанчыл болуп, дыйкандарга жакшы болбодубу. Бир эле кызылча эмес, бардык өсүмдүктөр мол түшүм берип жатат. Кант кызылчасын өстүрүүдө суу көлмөлөрүндө убагында жетиштүү көлөмдө суунун чогултулушу, дыйкандарды жерине барып окутуп-үйрөтүү иштери да өз натыйжасын берүүдө. Ошентип быйыл ички керектөөнүн 90 пайыздан ашыгын жабууга өзүбүздүн кудуретибиз жетет. Муну менен катар башка маселе жаралууда. Бизге кумшекер башка өлкөлөрдөн да келет эмеспи. Быйыл өкмөт ошол сырттан келген кумшекерге убактылуу чектөө киргизип берсе жакшы болмок. Антпесек баа кескин түшүп кетип, дыйкандардын эмгеги акталбай калуу коркунучу бар", — деди Сыдыков.
Ал жыйналган түшүмдүн 500 миң тоннага чейинкиси "Кайыңды кант" ААКта кайра иштетилерин кошумчалады.