Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барат

Өлкө башчы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сүйлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йорк шаарына (АКШ) барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.

"22-сентябрда мамлекет башчы Келечек саммитинин ишине катышат. Анын алкагында "Келечек пактынын" жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. 24-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сүйлөйт”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.
Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Казакстанда жолугушту