Кыргызстандын Орус улуттук драма театры быйыл Россконцерттин программасынын тизмесине илинди. Бул тууралуу Алтынай Иманбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар алып барган беш спектакль москвалыктардын алкоосуна татыган.
"Кыргызстандын Орус улуттук драма театры алгач ирет мыкты беш спектакль менен Москвага гастролго барды. Бул гастроль РФтин Маданият министрлигинин бүткүл россиялык концерттик планына ылайык Россконцерттин чоң тур программасынын алкагында өттү. Биздин театрдын көркөм жетекчиси Вячеслав Виттих менен "Моссовет" аталышындагы Москва академиялык театрынын көркөм жетекчиси Евгений Марчелли экөө он күн бою байланышта болуп, анын аркасында биздин мыкты беш спектаклибиз "Моссоветтин" сахнасында коюлду. 2025-жылы "Моссовет" театры Бишкекке гастролдоп келет. Биз "Пиковая дама" (Вячеслав Виттих), "Мастер и Маргарита" (Вячеслав Виттих), "Баба Шанель" (Вячеслав Виттих), "Любовь и голуби" (Филипп Хитров), "Пегий пес, бегущий краем моря" (Егор Седин) аттуу беш спектаклди тартууладык. Москвалык көрүүчүлөргө бул спектаклдердин баары жагып, аншлаг менен өттү. Уюштуруунун милдетин Россконцерт толугу менен өзүнө алган, билеттер бир ай мурун сатыкка чыккан. "Баба Шанель" спектаклине эл батпай, дагы бир катар кошумча столдорду коюп отургуздук. Россиянын театр ишмерлери, булгаков таануучулар да келишти. Алар "Мастер и Маргарита" спектаклинде жазуучунун берейин деген ою толук ачылып берилгенин, мыктылыгын баса белгилешти", — деди Иманбекова.
Ал Россиянын мамлекеттик каналы биздин театр ишмерлеринен интервью алганын кошумчалады.