Россия ТИМи Ливандагы диверсияны терактынын жаңы түрү деп сыпаттады

"Хезболла" менен Ливан бийлиги теракт үчүн Израилди айыптоодо. Тель-Авив азырынча бул окуяга катыштыгын ырастай да, төгүндөй да элек.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ливанда пейджерлердин массалык жарылуусу — террордук актынын таптакыр жаңы түрү. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Евразиялык аялдар форумунун алкагындагы брифингде билдирди.
"Бул масштабы боюнча да эл кадыресе колдонуп келген жаңы технологиялардын террордук максатта пайдаланылган терактынын жаңы түрү", — деди ал.
Дипломат ондогон киши чабуулдун курмандыгы болгонун, алардын арасында балдар да бар экенин белгиледи. Захарованын айтымында, дегеле тарыхта мындай мүнөздөгү окуя катталган эмес.
ТИМ өкүлү Россия түзүлгөн кооптуу кырдаалга тынчсызданып жатканына токтолгон.
Эскерте кетсек, 17-18-сентябрь күндөрү Ливандын ар кыл аймактарында пейджер, рация жана башка байланыш каражаттары жапырт жарылып, натыйжада 37 киши каза тапты, дагы 3000ден ашуун адам ар кандай жаракат алган.
"Хезболла" менен Ливан бийлиги теракт үчүн Израилди айыптоодо. Тель-Авив азырынча бул окуяга катыштыгын ырастай да, төгүндөй да элек. Аxios басылмасы пейджер операциясын Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху жана министрлер кабинети Коопсуздук кызматынын жетекчилери менен макулдашкан деген маалымат тараткан.
New York Times гезити операциядан кабары бар чалгын кызматкерлерине таянуу менен Израиль жардыруучу түзүлүш орнотулган пейджерлерди чыгаруу үчүн атайын ишкана түзгөнүн, алар товарды Ливанга экспорттогонун жазды. Ал эми ABC News телеканалынын ЦРУдагы маалымат булагы операция 15 жылдан бери пландаштырылып келгенин белгилеген.
"Ливанда жарылган пейджерлер бизде чыккан эмес". Тайвань үн катты