Кыргызстан менен Россия коопсуздук жаатында маалымат алмашууну макулдашты

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия коопсуздук жаатында маалымат алмашуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Кабарга ылайык, 19-сентябрда Чолпон-Атада Башкы штабдын башкармалыгынын жана Россиянын Улуттук борборунун өкүлдөрү жолугушкан.
Иш-чарада аскерлердин күнүмдүк турмушунда жана ишмердигинде колдонула турган маалыматтарды алмашуу маселелеси талкууланды. Анын негизги максаты — Куралдуу күчтөрдүн кызмат адамдарын тиешелүү ыкчам маалымат менен камсыздоо, ошондой эле тараптардын кызыкчылыгын камтыган аймактагы абалдын өзгөрүшү боюнча маалыматтар менен алмашуу.
Терроризм жаңы деңгээлге чыкты. Мамдума төрагасы Ливандагы жардыруулар тууралуу