Жүндөн жасалган жер семирткичтер сыноодон өткөрүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кой жүнүнөн жасалган жер семирткич сыноодон өткөрүлүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, Монголияга койдун 13,2 тонна жүнү жеткирилип, андан 11,2 тонна органикалык жер семирткич жасалган.
"Учурда кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичти сыноо методикасы жана параметрлери аныкталууда, бул эксперименттин жүрүшүндө баалана турган көрсөткүчтөр аныкталып жатат", — деп жазылган маалыматта.
Министрликтен эксперименттин жыйынтыгы менен натыйжасы боюнча илимий негизделген корутунду берилерин кошумчалашты.
Суусамырдагы алтыганадан жер семирткич, тоют даярдоо тапшырылды