Доллар арзандап, евро кымбаттоодо. Валюта курсуна апталык сереп

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Апта ичинде — 16-сентябрдан 20-сентябрга чейин валюта курсу кандай өзгөргөнүн талдадык.

Доллар

Сатып алуунун орточо курсу 25 тыйынга түшсө (84,15 сом), сатуу курсу 24 тыйынга (84,63 сомго) төмөндөдү. Банктарда сатуунун төмөнкү чеги 85,5 сом болсо, акча алмаштыруучу жайларда доллар 85,6 сомдон сатылууда. Экөөндө тең апта ичинде 30 тыйынга арзандаган.

Евро

Орточо курс 17 тыйынга жогорулап, 93,1 сомду (сатып алуу) жана 94,8 сомду (95,32 сатуу) түздү.

Рубль

Сатып алуунун орточо курсу (89,5 тыйын) жана сатуунун курсу (92,6 тыйын) бирдей — 2,3 тыйынга төмөндөгөн.

Юань

Сатып алуунун (12,5 сом) жана сатуунун (13,5 сом) орточо наркы 70 тыйынга арзандады.

Теңге

Казак валютасынын баасы байкаларлык деле өзгөргөн жок.
Улуттук банктын резерви 1 млрд. долларга көбөйүп, 4 млрд. доллардан ашты