Жалал-Абадда почта кызматкери пенсия, жөлөк пулдун акчасын кымырган деп кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Кыргыз почтасынын" Жалал-Абад облусундагы байланыш бөлүмүнүн жетекчиси акча каражаттарын системалуу түрдө ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөк пул жана эмгек акысына деген акчаны коротуп салган.
"Кыргыз почтасы" ишканасынын Таштак байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э.К. Сузак районунун тургуну И.С.Б. менен тил табышып, ишенип берилген 10,7 миллион сомду ыйгарып алып, короткон", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
"Кыргызнефтегаздын" акцияларынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды