Баңгизатка байланышкан кылмышка жеңилдик колдонулбайт. Мыйзам долбоору

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Эрнис Айдаралиев, Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Айбек Маткеримов Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелеп, документ коомдук талкууга жайгаштырылды.
Андагы сунуштарга ылайык, сатуу максатында баңгизат, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү үчүн доонун эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. Ошондой эле бул кылмыштарды жасагандар шарттуу түрдө бошотулбайт жана акталбайт.
Мындан тышкары, аталган мыйзам долбоорунда шарттуу түрдө бошотуу боюнча тактоолор киргизилген. Ага ылайык, шарттуу түрдө бошотууга документ бериш үчүн келтирилген зыяндын жарымынан кем эмес суммасы төлөнүп, мойнунда эч кандай тартиптик жаза калбашы керек деген пункт кошулган.
УКМК: Ошто кармалган чет өлкөлүктөн 6 млн. сомдук гашиш алынды