БАЭ айрым эрежелерди бузган мигранттарды айыптан бошоторун жар салды. Шарты

Жеңилдик алгандар айыптардан бошотулуп, өлкөгө кирүүгө тыюу салынбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирликтери тартип бузгандарды айыптан бошотот. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал үчүн 31-октябрга чейин мөөнөт берилген. Жеңилдик алгандар айыптардан бошотулат жана аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынбайт.
Бул мүмкүнчүлүктөн төмөндөгүлөр пайдалана алат:
убактылуу жашоого уруксат мөөнөтү аяктап же жокко чыгарылса да жашап жүргөндөр;
виза мөөнөтү өтүп кетсе дагы жүрө бергендер;
жумушуна тыныгуу алганы үчүн Listed individuals тизмесине киргизилгендер;
өлкөдө жаңы төрөлгөн чет элдик балдар. Ымыркайдын туулган күнүнөн тартып 4 айдын ичинде жашаган жерин ырастабаган чет өлкөлүк жарандар.
Акыркысынан башка эрежелер 1-сентябрдан кийин бузулса амнистия колдонулбай турганы айтылды.
Толук маалымат БАЭнин иденттүүлүк жана жарандык, бажы жана порттордун коопсуздугу боюнча федералдык органынын сайтында жарыяланган.
Бул демилге Бириккен Араб Эмирликтеринин кайрымдуулук жана сабырдуулук баалуулуктарына негизделген мамилесинен келип чыгып, мыйзам бузуучуларга статусун мыйзамга ылайык оңой жана ыңгайлуу өзгөртүүгө жаңы мүмкүнчүлүк берүү максатында пайдаланылмакчы.
ТИМ Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мекендештер боюнча үн катты